mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

БИШКЕК-Шу-КАЗАНЬ БИРИНЧИ КАТТАМЫ КЕТТИ

6-июнда №305 Бишкек — Шу — Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен саат 17:03тө жөнөп кетти, Казанга бейшемби күнү жетет. Жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү каттайт.

№306 Казань — Шу- Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгып, Бишкекке жекшемби күнү келет. Жолдун жалпы узундугу 3 286 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт. Каттамга 6 вагон – 4 плацкарт, 2 купелик – тартылган.

Жол кире арзандатуулары боюнча:

Купелерде жана СВ вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө арзандатуулар бар:

45 % — эгерде жараан поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алса;

35 % — поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алса;

25 % — поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин саып алса;

15 % — поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатып алганда.

Плацкарт вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө:

35 % — поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алуу шарты менен;

25 % — поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алганда;

15 % — поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мөөнөттө жол жүрүү документтерин сатып алганда менен;

10 % — поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатып алганда арзандатуу каралган.

МТКнын басма сөз кызматы