Бишкек шаарынын Б. Алыкулов көчөсү жана Дэн Сяопин проспектисинин кесилишкен бөлүктөрүнүн түштүк тарабы андан кийин түндүк тарабындагы бөлүгү жабылат.
- 4 695 просм.
Бишкек-Кара-Балта автомобиль жолун реконструкциялоонун алкагында жасалып жаткан курулуш иштерине байланыштуу жана курулуш учурунда жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, алгач Бишкек шаарынын Б. Алыкулов көчөсү жана Дэн Сяопин проспектисинин кесилишкен бөлүктөрүнүн түштүк тарабы андан кийин түндүк тарабындагы бөлүгү жабылат.
Аталган жол кесилишинде, жол куруу иштери 15 августан 25 августка чейин жүргүзүлмөкчү жана транспорт каражаттарына айланма жолдор камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги түзүло турган убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана жол тыгындарын алдын алуу үчүн айдоочуларды башка альтернативдүү жолдор менен колдонууга чакырат.
КР ТжКМ басма сөз кызматы