mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош жолу жана тоннелдер аркылуу акча төлөп өтүүчү посттор боюнча маалымат

ЖК депутаты Шайлообек Атазовдун Facebook баракчасына жайгаштырган кайрылуусу боюнча түшүндүрмө (https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1108558216334543&id=100015411243562).

2021-жылдын 6 ай аралыгында Бишкек-Ош унаа жолунун 116 — 209 км аралыгында (Төө-Ашуу ашуусу) аң чөнөктөрдү жамоо боюнча жумуштар 4609 м2 ченеминде аткарылды.
Ошондой эле 2021-жылдын “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренесинин эсебинен каржыланып курулуучу объектилердин тизмесине ылайык Бишкек-Ош жолунун 132- 141 км аралыгына асфальт төшөө жумуштары каралган. Курулуш иштерин аяктоого 170 000,0 миң сом каражаты талап кылынат, ал эми 2021-жылга каралган финансылык планга ылайык 65 000,0 миң сом каржылоо каралган.
Аталган жол бөлүгүндө эки катмар асфальт төшөө жумуштары 8,5 км аралыгына төшөө каралган.
Курулуш иштери жалданма курулуш компанияга берүү менен аткарылат. Бул боюнча конкурс 2021-жылдын 14 июнунда Мамлекеттик сатып алуулар порталына берилип, 2021-жылдын 6-июлунда ачылышы аткарылган. Учурда конкурска катышкандардын талап ылайык тапшырылган документтерин кароо жүргүзүлүүдө. Конкурс эки этаптан өтөт.

Ал эми тоннелдер аркылуу акча төлөп өтүү боюнча КРӨ 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 токтомуна ылайык, тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүү үчүн, түшкөн акча каражатынын белгиленген максаты бар. Бул каражат катары жөнөтүлгөн тоннелди оңдоо жана техникалык тейлөө жагына толук жумшалат.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Бишкек-Ош жолунун 396 чакырымдагы Кара-Көл өткөрмө посту жайгашкан. Бул пост азыркы учурда Бишкек-Ош унаа жолунун түштүк областарына К. Көлбаев атындагы Төө-Ашуу тоннели, Суусамыр жана Токтогул райондорунан кийинки тоннелдер аркылуу акы төлөп өтүү үчүн көзөмөлдөөчү пунктарынын бири болуп эсептелет. Бул посттон түшкөн акча каражаты толук мамлекеттик бюджеттин эсебине которулуп турат жана эч кандай башка максаттарга колдонулбайт. Ошондой эле 2021-жылдан тартып Сосновка жана Кара-Көл өткөрмө посторуна автоматаштырылган система жандандырылып иштебей калган керектөөчү тетиктерди, жабдуулары кайрадан орнотулуп толук ишке берилди. Азыркы учурда система аркылуу коррупцияны жоюу максатында колдонулуп, акы төлөө системасы күчөтүлгөн абалда текшерилип, борбордук серверге күн сайын маалымат түшүп турат.
Сосновка жана Кара-Көл өткөрмө посторунан 2020-жылдын 11-июлунда тоннелдер аркылуу өтүү үчүн акча каражаттын жалпы суммасы 23 737 178 сом чогулган.

КРТжКМ басма сөз кызматы