mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы туннелде авто унаа өрттөнүп кетткенине байланыштуу транспорт кыймылы эки тараптан тең убактылуу токтотулду

Бүгүн 05 июль күнү саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы туннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Лексус 470 маркасындагы жолтандабас авто унаа өрттөнүп кетти.
Автоунаанын ичинде эки адам болгон, алар жабыркаган жок, убагында “Кыргызавтожол” МИнын туннелдеги кызматкерлери башка куткаруучулар менен бирдикте автоунаадагы жүргүнчүлөрдү коопсуз жерге аман-эсен алып чыгарып кеткен.
Автоунааны өчүрүүгө мүмкүн болгон жок. Туннелдин ичинде электр жарыгы ал себептен өчүп калган. Азыркы учурда туннель аркылуу транспорт кыймылы эки тараптан тең убактылуу токтотулду. Күйүп кеткен унааны сыртка чыгарып, электр жарыгын жандандыргандан кийин, жол каттам үчүн ачылат.
Алдын ала маалымат боюнча автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө, жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон деген божомол бар. Толук маалымат такталууда.
КР ТжКМ басма сөз кызматы