mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо» объектиси жарым-жартылай пайдаланууга берилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия 31-июль күнү «Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо» объектисине барып, аны жарым-жартылай пайдаланууга берүү үчүн министрликтин балансына өткөрүп берүү процедурасын баштады.

Галереядагы бардык иштерди 2023-жылдын жай мезгилинде бүткөрүү жана ушул жылдын сентябрь айында объектти толук пайдаланууга берүү пландалууда.

Подрядчы калган бардык жумуштарды бүтүрүү аракетинде жана долбоордун толук бүтүшүнө даярдык көрүүдө.

Бүгүн, 1-августта жаңы тоннель аркылуу унаалар өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу айланып өтүүчү жолду (эски жолду) жабуу иштери башталды. Жарым-жартылай ачылган тоннелдин расмий ачылышы кийинчерээк болот.

Бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метр болгон кардан коргоочу галереянын жалпы узундугу 460 метрди түзөт.

Долбоордун максаты кардан коргоо галереясын куруу аркылуу кыш мезгилинде Бишкек-Ош трафигин жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Долбоордун донору болгон Япон эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан (JICA)  4,288,000,000 япон йени өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнгөн.

Курулуш иштери 2019-жылы башталган, бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам жумуш токтотулган. 2021-жылдын апрель айында участоктогу бардык иштер кайра жанданган. Учурда долбоордун толук аякташына даярдыктар көрүлүүдө.

Белгилеп кетчү жагдай, 2024-жылдын 30-сентябрына чейин кемчиликтер аныкталса, анда бул мезгил ичинде Подрядчы өз эсебинен оңдойт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы