mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

 Бишкек-Ош унаа жолунун 119-чакырымынан 129-чакырымына чейин Төө-Ашуу ашуусунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 ЖТИ тарабынан кар күрткүлөрүн тазалап, жолдорго инертүү мвтриалдар себилүүдө.

Саат 11:00дө Төө-Ашуу ашуусуна кире бериште, транспорттук көзөмөл постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө кечки саат 17:00гө чейин алынган.

Мурда кеткен жүк ташуучу унаалар ашуу тилкесин кесип өтө албай, жолдо тыгындарды жаратууда. Андыктан 2022-жылдын 9-ноябрында саат 17:00дөн баштап Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайы жана климаттык абал калыбына келгенге чейин оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген.
Мындан тышкары, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын эсине салабыз, ашуу тилкелерин кесип өтүүдө түз рельефте жолду деформациялап албаш үчүн кардын чынжырларын алып салуу зарыл.

КР ТжКМнин нин басма сөз кызматы