mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек–Ош унаа жолундагы Маданият-Жалал-Абад участогу активдүү реконструкцияланууда

Бүгүнкү күндө Бишкек – Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогунда (507,5-574,5 км) активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Аталган участок транспорттук коридорду реконструкциялоо боюнча долбоордун төртүнчү фазасы болуп саналат. Курулуш иштерин «Азвирт» ЖЧК компаниясы ишке ашырууда. Подрядчы менен келишим түзүлгөндөн бери 66,9 км асфальтбетон катмарынын төмөнкү катмары жана 56 км асфальтбетон катмарынын үстүңкү катмары төшөлгөн.  2023-жылы  бул ишке  256 жумушчу жана 120 курулуш техникасы тартылган. Ошондой эле ал жерге саатына 210 тоннага чейин асфальт чыгарууга жөндөмдүү асфальт заводу жайгаштырылган. Курулуш иштери аяктагандан кийин автожол белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ээ болот, башкача айтканда, калктуу конуштарда 4 тилке, ал эми калктуу эмес пункттарда 2 тилке болот; тилкелердин туурасы 3,5 метрден 3,75 метрге чейин; огуна максималдуу жүк 11,5 тоннаны түзөт; калктуу конуштарда тротуарлар асфальтталат, жарыктандыруу жана суу чыгаруу системасы орнотулат, ошондой эле эскилери реконструкцияланып, жаңы токтоочу жайлар курулат. Мындан сырткары бул жерге 36 миң жаңы бак отургузулат. Бишкек –Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогун жакшыртуу боюнча  бул долбоор, Маданият кыштагы менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы автожолдун 67 километрге жакынын калыбына келтирүү жана реабилитациялоо жолу менен улуттук жана региондук байланышты жакшыртууга мүмкүндүк берет. Долбоордун жыйынтыгында Кочкор-Ата, Масса жана Базар-Коргон калктуу пункттары аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолунун 67-чакырымын бойлой жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча натыйжалуу кыймыл түзүлөт. Долбоорду ишке ашыруу улуттук жана региондук сооданы жеңилдетет, ошондой эле айылдык калктуу конуштардын рынокторго жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, бул региондун экономикалык өнүгүүсүн тездетет. Маданият–Жалал-Абад автожолуна асфальт-бетон төшөө иштерин  2023-жылы аяктоо пландалууда. Ал эми негизги курулуш иштерин аяктоо 2023-жылдын курулуш мезгилинде пландаштырылууда.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы