mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолундагы кар көчкүгө каршы кыргыз-жапон “Достук” галереясы салтанаттуу түрдө ачылды

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хидэки Года баштаган кызматкерлер катышты.

Төрага Акылбек Жапаров уникалдуу курулуштардын катарын толуктаган жабык типтеги тоннелди курууга көмөк көрсөткөнү үчүн Жапон өкмөтүнө жана JICA агенттигине ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле жолдун 246-чакырымында орун алган галерея кар көчкү учурунда унаалардын токтоп калуусун алдын алып, эң башкысы айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуз өтүүсүн камсыз кыларын белгиледи.

Бишкек-Ош унаа жолу кышы-жайына карабай күн сайын жүз миңдеген айдоочуларды тейлейт.

Жолдун кар көчкү коркунучу жогору болгон тилкелеринин бирине салынган тоннель жапон технологиясы менен монолит бетондон курулду. Анын узундугу 460 метрди түзүп, курулушу 2019-жылдын май айында башталган. Учурда объект толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин Президент Садыр Жапаров эки элдин тыгыз кызматташтыгынын жана достугунун урматына тоннелди кыргыз-жапон “Достук” галереясы деп атаган.

Транспорт жана коммункациялар министрлигинин басма сөз кызматы