mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан көчкүдөн коргоо галереясы толугу менен бүткөрүлүп, долбоор 100% жыйынтыкталды

Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан көчкүдөн коргоо галереясы толугу менен бүткөрүлүп, долбоор 100% жыйынтыкталды. Эске салсак, 19-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки мырза баштаган коноктордун катышуусунда унаа жолдун 246-чакырымында орун алган галереянын салтанатуу ачылышы аземи өткөрүлгөн.

Бишкек-Ош трафигин жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзгөн галереянын узундугу 460 м, бийиктиги 8,6 м, туурасы 10,5 м түзөт.

Учурда жабык тоннелдин кемчиликтерин оңдоо мезгили (дефектный период) башталды. Эгер 2024-жылдын ноябрь айына чейин кемчиликтер аныктала турган болсо, подряддык компания өз эсебинен оңдойт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы