Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды
- 142 просм.
Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды. Ал эми Сосновка постунда оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө бар.
Белгилей кетссек, көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзүп, Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы