mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош автожолунун Жалал-Абад – Маданият тилкесинде курулуш иштери уланууда

2020-жылдын 29-июнунда пресс-турдун жүрүшүндө журналисттер Бишкек-Ош автожолунун Жалал-Абад – Маданият тилкесиндеги курулуш иштери менен таанышышты.
29-июнга карата Бишкек-Ош автожолунун Жалал-Абад – Маданият тилкесинде 517 -км – Кочкор-Атада, 538 — км – Шайдан, 573- км – Чангетте көпүрөнүн курулушу уланууда, 550 км 564 км дренаждык иштер, 554 – км 564- км жер иштери, 552 – 554- км электр линиясын жылдыруу иштери жасалды.
26-июлдан баштап куш-шагыл жаткырылууда 557 — км баштап. Июнь ичинде жалпы иштин 7 пайызы аткарылды. Жыл аягына чейин 78 пайыз жер иштерин жана 10 км жолго асфальт-бетон төшөө пландалууда.
Долбоор боюнча 67 -км экинчи категориядагы жолду бүткөрүү каралууда, ошондой эле 173 түтүк жана 9 көпүрө курулат. Жолду бойлой чырактар орнотулат. Курулуш компаниясы келишимге ылайык тилкеге курулуш техникасын алып келген. Ошондой эле, кошумча дагы техника алынып келинди, 242 жумушчу тартылган.

<