mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош автожолунун 4- фазасынын Бишкек-Кара-Балта участогундагы курулуш иштери боюнча маалымат    

 

2018-жылдын 7- июнь айында журналистер Бишкек-Кара-Балта автожолунун курулушун жеринен кѳрүп келишти. Азыркы учурда 15,9 чакырымында 21 116 м3 кѳлѳмүндѳгү кум-шагыл тѳшѳѳ иштери, 14472 м3 кѳлѳмдѳгү жол жабдыктарынын негизи тѳшѳлүп, 29 жерде суу ѳткѳрүүчү түтүктѳр, 85 дааны электр линияларын жылдырып, орнотуу иштери жүрүп жатат жана 18+367 км Жыламыш кѳпүрѳсүн реконструкциялоодо. Ошондой эле 27+709 км- де Сокулук суусу аркылуу кеткен кѳпүрѳнү оңдоо иштери жүрүүдѳ деп долбоордун менеджери Лай Сянде айтып берди.

Ал эми консультанттык компаниянын ѳкүлү  Токтомамбетов Ызытбек аткарылып бүткѳн жумуштар тууралуу айтып берди. Бишкек-Кара-Балта автожолундагы тилкеге туура келген  3524 бактар кыйылды. Ар бир бактын ортуда  үчтѳн  бак отургузулат.  45,6- 51,6 чакырымдарында жорогуда айтылгандан кум тѳшѳѳ, электр линияларын жылдыруу иштери бүттү деп билдирди.

Маалымат ирээтинде:  Бишкек – Кара-Балта автожолу жалып узундугу 45,1 чакырымду тузѳт. Ал 15,9 дан 61 чакырымга чейин.

Донор: Азиа Ѳнүктүрүү Банкы

Долбоордун жалпы суммасы: 120,8 млн. долл. США

Консультант: Eptisa Servicios de Ingenieria, S.L. (Испания ѳлкѳсү)

Подряддык компания  Сhina Railway №5 (Кытай)

Курулуш: 2017 – жылдын апрель айында башталган.

Дефектик мезгил менен эске алганда 2021-жылы аяктайт.

Пресс-кызмат