mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек- Нарын-Торугарт унаа жолунун Боомдогу бөлүгүнун экинчи тилкеси дагы ачылды.

Эки тараптуу каттам толук ачык! 2 август күнү түнкү саат 1 чамасында каттам толук берилген.
ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №32 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду калыбына келтирүү үчүн тазалоо иштери жүргүзүлдү. 1 погрузчик, 1 автогрейдер жана 4 самосвал тартылган.
Белгилей кетсек, 2022 жылдын 1 август күнү 14:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-154 км (Боом капчыгайында) жаан жаап, сел жүрүп, каттам убактылуу жабылган.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы