mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 13-чакырымында жайгашкан айланма жол оңдолуп, бордюрлар коюлду

Калктын коопсуздугуна кам көрүү

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 13-чакырымында жайгашкан айланма жол оңдолуп, бордюрлар коюлду. Жеринде №39 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп, талкаланган бордюрларды алмаштырып, жол сызыктарын чийип, айланма жолдун ичиндеги жол белгилерин жаңылашты.

Орнотулган 150 бордюр ак-кара түскө сырдалып, көчөттөр отургузулуп, таштардан кыргыз оймолорун чагылдырган сүрөт тартылды. Көрктөндүрүү иштери “Бишкек жашылдандыруу” ишканасы менен биргеликте аткарылды.

Ошондой эле аймакты тейлеген жолчулар Бишкек-Нарын-Торугарт жана Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолундагы жол чийиндерин жаңылап, аталган жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү толтурушту.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы