mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна пресс-тур уюштурулду

2023-жылдын 6-июлунда “БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу” долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, IV Фаза, Бишкек-Кара-Балта участогуна журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду.

Маалым болгондой, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун участогун кароо жана анын курулуш иштери менен “БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу” (Бишкек-Ош автожолу, IV Фаза) долбоорун ишке ашырып жаткан China Railway №5 компаниясы алектенет. Азыркы тапта негизги (15,9км-ден -61 км-ге) жана кошумча (8,5км-ден-15,9 км-ге чейинки) участокто асфальт төшөө жумуштары аяктады. Учурда кошумча участокто тротуарларды төшөө иштери жүрүүдө. Эки участок тең Подрядчы тарабынан кепилдик менен тейленет. Ал эми иштин аягында кемчиликтер пайда болсо, аларды оңдоо жумуштарын Подрядчы өз эсебинен жүргүзүүгө милдеттүү.

Иштин жүрүшүндө жолдун 45,1-чакырымындагы асфальтбетондун жогорку катмарында кемчиликтер аныкталып, Подрядчыга ошол участоктогу асфальтбетон катмарын алмаштыруу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө Подрядчы бардык кемчиликтер аныкталган жерлерди оңдоп, асфальтбетондун үстүнкү катмарын алмаштырды.
Реконструкцияланган тилке Чүй облусунун калк жыш жайгашкан райондору аркылуу өтөт. Курулуштун долбоору Бишкектин четинен башталып, Кара-Балта шаарынын башталышы менен аяктайт (узундугу 52,5чакырымга жетет). Автомагистралдагы кыймылдын интенсивдүүлүгү күнүнө 40,000 унаага жетет.

Долбоор “Бишкек-Кара-Балта” автожолунун болжол менен 52,5 чакырымын реконструкциялоо жана реабилитациялоо жолу менен, улуттук жана региондук байланышты жакшыртууга мүмкүндүк берет жана жол белгилери, көчөлөрдү жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайлар, автобустук аялдамалар, парапеттер жана тротуарлар сыяктуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды карайт. Долбоордун негизги максаты – ички жана региондук трафик агымы үчүн жол жүрүү убактысын жана транспорттук-эксплуатациялык чыгымдарды кыскартуу. Бул – улуттук жана регионалдык соода-сатыкты жеңилдетет, ошондой эле калктуу конуштардын рынокторго, медициналык жана билим берүү мекемелерине жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.

Бул участок 1-б техникалык категориядагы нормативдери боюнча жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөр болуп, төмөндөгүдөй геометриялык көрсөткүчтөр менен долбоорлонгон:

— кыймыл тилкелеринин саны — 4 жана 6;
— огуна эсептелген жүк — 11,5 тонна.
Долбоордогу участоктун бардык узундугу боюнча 14 см калыңдыктагы эки катмарлуу асфальтбетон төшөлүп, анын үстүңкү катмары 5 см, төмөнкү катмары 9 см жана органоминералдык катмары 9 см.

Донор: Азия Өнүктүрүү Банкы
Узундугу 52,5 км (участоктору 45,1 км жана 7,4 км)
Кеңешчи Temelsu International Engineering (Түркия)
Подрядчы Сhina Railway №5 (КНР)

Пресс-турдун алкагында журналисттер жүрүп жаткан жумуштар менен жеринен таанышты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана жашоочулар менен жолугушуу уюштурулду. Калктын жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна Кеңешчи, Подрядчы, АӨБдүн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженери менен министрликтин өкүлү жооп берип, өлкөдө салынып жаткан жолдор туурасында да айтып беришти. Мындан тышкары, коррупция иштери боюнча КРдин ТжКМдин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдукахар Ибрагимов менен “АКОС” (Коррупцияга каршы коомдук көмөк көрсөтүү) коомдук уюмунун өкүлү Кемел Муңкуев бул жаатта жасалган жана алдыда пландалган жумуштар туурасында кенен маалымат беришти.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы