mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек – Кара-Балта автожолунда курулуш иштери уланууда

ЦАРЭС 3 долбоору боюнча, Бишкек-Ош автожолунун Бишкек-Кара-Балта участогунун 15,9 – 61 км. курулуш иштери уланууда.
Беловодск айылындагы тилкесинде жол өтө турган жер түздөлүп, жумшак топурак алынып, катмар даярдалууда.
Ал эми Новониколаевка айылындагы тилкесинде бетон түтүктөр орнотулуп, лотоктор орнотулууда.Ошондой эле жолчулар, автотрассаны бойлой бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушууда.
Жумушчулар арасында коронавирусту алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек-Кара-Балта жолун Сhina Railway № 5 компаниясы ишке ашырууда, курулуш иштери 2021-жылы бүткөрүлөт.