mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек – Чаек жана Чаек-Бишкек маршруту боюнча автобус каттай баштады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы 1-июлдан тартып, Батыш автобекетинен Бишкек–Чаек, Чаек-Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус каттай баштаганын маалымдайт.  Бул багыттар  боюнча билеттин  баасы эки тарапка тең 400 сомду түзөт.  Автобус ар күнү Бишкектен Чаеке 21:30да, ал эми Чаектен Бишкеке 20:00дө чыгат. Каттамдардын ыраатамасы менен  https://avtovokzal.kg/routes/ сайтынан таанышсаңыздар болот.

  

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы.