mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек 2 – Балыкчы: Поезд каттамы 1-сентябрдан тарта токтойт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек 2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 өлкө ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы 1-сентябрдан баштап токтоорун маалымдайт.

Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраак айтканда июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт.

Аталган каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы