mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бир айда 60 миңге чукул унаа текшерилип, 4 млн 704 миң сомго айып пул салынды

2023-жылдын 22-майынан 22-июнуна чейин жүргүзүлгөн бир айлык рейддин алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери тарабынан жүк жана жүргүнчү ташыган унаалар текшерилди.

Транспорт көзөмөл пункттарында жана мобилдик топтор тарабынан жалпы 59 миң 848 автоунаа текшерүүгө алынып, мыйзамды сактабаган айдоочуларга 727 протокол түзүлдү. Анын жыйынтыгында 4 млн 704 миң сомго айып салынып, жолдорго келтирилген зыяндар жана залалдардын ордун толтуруу боюнча 519 миң 502 сом жыйым чектелди.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери тарабынан айдоочулар арасында жүк ташууларды уюштурууда салмак – габариттик параметрлерди так сактоого жана жүргүнчү ташуучулардын арасында тиешелүү талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Баса белгилеп кетчү жагдай, рейддик иш-чараларды өткөрүүнүн негизги максаты элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө менен бирге тиешелүү талаптар менен эрежелердин так сакталышын көзөмөлдөө болуп саналат.

Бир айлык текшерүүнүн жүрүшү аймактык телеканалдарда, массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып турду.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы