mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Беларусь Республикасы менен кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин Беларусь Республикасына жасаган иш сапары жыйынтыкталды. Ведомство башчысы  1995-жылдын 14-июнунда Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго кол коюу үчүн Минск шаарына кызматтык иш сапары менен барган. 13-июлдан 16-июлга чейин созулган сапардын жүрүшүндө Тилек Текебаев Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи орун басары Алексей Ляхнов менен жолукту.

Анда министр бүгүнкү күндө автомобиль транспорту жаатында Кыргызстан менен Беларуссиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн активдүү кызматташтык байкалып жатканын белгиледи. “1995-жылдын 14-июнунда Минск шаарында кол коюлган Эл аралык автомобиль каттамы жөнүндө протоколго 28 жылдан кийин Минскиде кол койгонубуз символикалуу. Бул Протоколдун жоболоруна ылайык, тараптардын ортосунда Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөр менен 3 өлкөнүн ичинде жүк ташуулардын уруксатсыз системасы түзүлөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын темир жол администрацияларынын Беларусь Республикасы менен өз ара аракеттенүүсү иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө поезддердин кыймылын уюштурууга байланыштуу көйгөйлүү маселелер жок”, -деди Тилек Текебаев.

Тараптар транспорт жаатында активдүү өз ара аракеттенүү менен пайдалуу кызматташтык уланарына жана макулдашуулар аткарыларына ишенимин билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы