mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Beket.kg сайтына кирип, алыс барбай аралыктан билет сатып ал!

Буга чейин кыргызстандыктар алыс жолго сапар алуу үчүн атайын автобекетке барып, кезерип кезек күтүү менен билет сатып алып келген болсо, эми аны үйдөн алыс эки кадам аттабай туруп ала алат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы элге ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге убакытты үнөмдөө максатында Beket.kg сайты иштелип чыгып, аралыктан билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү ачылганын эске салат.

Ал үчүн алгач аталган сайтка кирип, каттамды, күндү жана кишинин санын тактап жазуу менен кийинки баскычка өтүү керек. Андан соң каттамдын убактысын жана жүргүнчү тууралуу толук маалымат жазып, төлөм түрүн тандаган соң электрондук билет сиз көрсөткөн почтага келет.

Онлайн кызмат көрсөтүү калкка жеткиликтүү түрдө иштелип чыгып, сатып алынган билетти кайтаруу мүмкүнчүлүгү дагы каралган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы