mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткендеги Достук айылынын жолу асфальтталууда… Аймактарда аткарылган иштердин топтому

Баткендеги Достук айылынын жолу асфальтталууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Азыркы тапта 500 метр жерге асфальт төшөлдү. План боюнча 2,5 чакырым жол оңдолот.

Ош-Төлөйкөн унаа жолунда дагы асфальт төшөө иштери башталды.

№26 Жол тейлөө ишканасы тейлеген Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу асфальт жаткырууга даярдалды.

Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Ошону менен катар асфальтталып, жумуш жыйынтыкталган көчөлөрдү таштандылардан тазалоо иштери аткарылып жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 361,5-чакырымына (Кызыл-Бел ашуусу) кум-шагыл аралашмасы төгүлүп, тегизделди. Ошондой эле, аталган жолдун 306-320-чакырым жана 372-430-чакырым аралыгындагы жол жээги таштандылардан тазаланды.

Көк-Мойнок-Кубакы жолунда (0-26-чакырым) жол элементтери актап, сырдалып, куурап калган жана кооптуулук жараткан бак-дарактар кыркылды.

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунда (6-7-чакырым) актап, сырдоо жумуштары аткарылды.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы