mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткендеги Капчыгай айылынын жолу асфальтталууда

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Капчыгай айылынын жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Жалпы үч чакырым жолго асфальт жаткыруу иштери 24-майда башталган. Жолчулар бул убакыт аралыгында айылды калыбына келтирүү иштерине көмөктөшүп, андан соң асфальт жаткыруу жумуштары жүргөн. Азыркы тапта 2 чакырым 600 метр жерге асфальт төшөлүп, иш аягына чыгуу алдында турат.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы