Баткен облусунун Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун 7 чакырымына узундугу темир курама орто унаа көпүрөнү орнотуу иштери жүрүүдө.
- 591 просм.
Белгилей кетсек, 16 сентябрь күнү Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте тажик аскерлер тарабынан жарылган. Бул Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолдорун бириктирчү көпүрө.
Аткаруучу: “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол курулуш башкармалыгы.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы