mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен облусундагы кырдаал 23-сентябрь 12:30.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

2022-жылдын 14-сентябрынан 17-сентябрына чейин 211-223-чакырымдары (Чоң-Талаа айрыгы), 265-чакырымы (Кара айыл аймагынын айрыгы), 272-чакырымы (Төрт-Көчө айрыгы) жана Баткен-Кара-Бак, Баткен автожолдору -Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык айылындагы Кызыл-Бел-Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун 7 чакырым тилкесиндеги тажик тарабынан жардырылган көпүрөгө байланыштуу унаа кыймылы жабылган. Тажик тарап талкалап салгандан кийин унаа жолу жараксыз абалга келген. Ошондой эле Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, эски Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 340-346-чакырымдары жабылган.

18-сентябрда Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел унаа жолдорунун 211-223-чакырымдары (Чоң-Талаа айрыгы), 265-чакырымы (Кара айылдын кесилиши), 272-чакырымы (Төрт-Көчө кесилиши) ачылды.

Ошондой эле 18-сентябрда Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында 7 даана атайын техника иштеп, 19-сентябрда саат 18:00дөр чамасында көпүрөдөн транспорт каражаттары өтүүчү үчүн жол ачылып,  убактылуу өтмөк берилген.

Учурда Баткен районунун бардык жолдору ачык. Жаңжалдын жүрүшүндө Лейлек районунун Эски-Оочу-Максат унаа жолунда 1 бульдозер, 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч калып, Кызыл-Бел ашуусунда 1 жүктөгүч жана 1 кызматтык унаа (Ниссан үлгүсүндөгү пикап) калган. Учурда жүктөгүч жана кызматтык унаа бузулуп, базага жеткирилген. Ошондой эле механизаторлор 1 бульдозер, 1 экскаватор жана 1 агрегат жуктөгүчтүн абалын текшерүүдө.

Куралдуу жаңжалдан кийин Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 4 самосвал, 2 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 бульдозер, 1 трал, 20 жол кызматкерлери тартылган.

2022-жылдын 23-сентябрына карата «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2, 3 жана 13-ДЭУларынын кызматкерлери куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюу үчүн Жарандык коргонуунун Баткен облустук штабынын көрсөтмөсү менен атайын техникалар менен тартылган.

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы