mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен облусунда сел жүрүп, убактылуу жабылган жолдор тазаланып, ачылды

Бүгүн, 13-июнь күнү түнкү саат 01:00 чамасында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыты) Охна участкасы, ошондой эле Жийделик-Ак-Кыя жана Бел-Божой унаа жолдору тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды.

Белгилей кетсек, кечээ, жогоруда аталган жолдордо сел жүрүп, каттам убактылуу жабылган. Тынымсыз тазалоо иштеринин натыйжасында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (жаңы багыт) 125-чакырым аралыгы дагы ачылып, каттам жанданды. Азыркы тапта Коргон-Чаувай унаа жолунда тазалоо иштери жүрүүдө, жол жабык. Ошондой эле, Айгүл-Таш-Согмент-Таян унаа жолунда каттам үчүн кыйынчылык жаралууда.

Жеринде №2, №46 Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери иштеп жатышат.
Кошумча маалымат берилет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы