mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен облусунда коомдук автотранспорттордо жана эл көп чогулган жерлерде дезинфекция жүргүзүлүүдө

Баткен облусунда беш көзөмөл пунктунда чек арадан өткөндөрдү атайын аппарат менен дене табын текшеришүүдө. Ал жакта медиктер күнү-түнү нөөмөттө болушууда.

Тажикстан менен чектешкен «Кызыл-Бел», «Кайрагач», «Кулунду» жана Өзбекстан менен чектешкен «Кадамжай», «Кызыл-Кыя» көзөмөл пунктарында күн сайын 4000ге жакын жаран чек арадан өтүшөт. Алардын баары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан текшерилүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин бул эки көзөмөл өткөрмө пунктунда медиктер дене табы менен 10 адамды катташкан, аларга республиканын аймагына кирүүгө уруксаат берилген эмес. Көзөмөл өткөрүү пунктарында зарыл болгон учурда атуулдарды кармай турган атайын изолятор уюштурулган.

Бүгүнкү күндө облустун саламаттык сактоо уюмдары толугу менен дезинфекциялык каражаттар жана 110 мин медициналык бет кап, зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздалышкан.

Учурда Баткен облусунда каронавирус менен катталгандар жана карантинге алынгандар жок.