mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Башка мамлекеттер аркылуу (транзит менен) учкан жарандар дагы Россия Федерациясына кирүү негиздемеси болуш керек

Россия Федерациясынын ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын №635 буйругунун Россия Федерациясына чет элдик жарандардын убактылуу кирүүгѳ тыюу салуу жана убактылуу виза жана чакыруу берүүгѳ  чектѳѳ коюлга. Ал эреже Кыргыз Республикасынын жарандарына карата дагы колдонулат.

Россия Федерациясына кирүү Кыргыз Республикасынын жарандары дагы жогорудагы Токтомдун негизинде негиздеме менен гана ишке ашат.  Башка мамлекеттер аркылуу (транзит менен) учкан жарандар дагы негиздемесиз Россия Федерациясынын аймагына кире алышпайт.

Киргизилген чектѳѳлѳргѳ ылайык чет ѳлкѳлүк авиа компаниялар Россия Федерациясына кирүүгѳ негиздемеси жок Кыргыз Республикасынын жарандарын учака алууга укуктары жок.

Негиздемеси жок Бишкек-Москва каттамы менен жумасына үч жолу учуучу «Авиа Трафик Компани» компаниясы менен гана учса болот.