mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолу асфальтталууда

Жалал-Абад облусунун Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №22 Жол тейлөө мекемесинин 15 чакты кызматкерлери жана 10го чукул атайын техникалары иштеп жатат.

Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолунун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Анын 13 чакырымы буга чейин асфальтталган. Быйыл калган 4 чакырымы оңдолуп, учурда иштер кызуу жүрүүдө. Жолчулар асфальт жаткыруу жумуштары ортолоп калганын, жол салуу бардык нормаларга жооп берерин белгилешти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы