mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы 1-июнга чейин бүткөрүлөт

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы 1-июнга чейин бүткөрүлөт. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, туристтик сезон башталганга чейин төрт тилкелүү жолдун эки тилкесин (оң тарабын) бүтүрүүнү тапшырды.

Мекеме жетекчиси анда иштеп жаткан кызматкерлер менен баарлашып, айлык маяна алууда кыйынчылыктар жаралып-жаралбагандыгына кызыкты. Жолчулар эмгек акы өз убагында берилип жатканын билдирип, жол курууда да олуттуу маселе жоктугун белгилешти.

Учурда Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгында (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгырга чейинки аралыгы) жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Жерине 103 атайын техника жана 175 адам тартылып, жолдун бир тарабын 1-июнга чейин бүткөрүү аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма жолунун Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду тилкесинин жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. 2023-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу аталган жолдун 5-10-чакырым аралыгындагы асфальттын үстүңкү катмарын, 10-23-чакырым аралыгында эки катмарлуу асфальт жаткыруу иштерине жана жасалма курулмалар үчүн акча каражаты каралган. Бардык жумуштарды нормага ылайык жана жол куруу сезонунда бүткөрүү пландалган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы