Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолдору ачык
- 466 просм.
2021 жылдын 24-август күнү Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолунун 186+500 км чакырымында катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам сел жүрүп, жолду суу каптаган. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Комуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин карамагындагы №4 ЖТМ суунун нугун буруп, жолдорду тазалоо жумуштары аткарылды. Азыркы учурда жолдо каттамдары ачык.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы