mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Байгелди айылынын эли жазган арыздын негизинде ашыкча жүк жүктөгөн унааларга айып пул чегерилип, эскертүүлөр берилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мобилдик тобу оор жүк ташуучу унааларды текшерүү иштерин улантууда.

Ага ылайык, Чүйдүн Байгелди айылынын жашоочуларынан түшкөн арыздын негизинде “Тоо-шагыл” карьеринен чыккан унаалар текшерүүгө алынган. Анын алкагында ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан унаалар токтотулуп, артка кайтарылган. Жалпысынан 1-июндан тарта аталган аймакта жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына 12 протокол түзүлүп, 108 500 сомго айып салынган. Ал эми карьердин ээсине эскертүү берилген. Салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө максатында бул сыңдуу текшерүү иштери Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мобилдик тобу тарабынан үзгүлтүксүз уланууда.

Эске салсак, буга чейин 1-июндан тарта 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө дейре абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгондо максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынганы айтылган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы