mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Б. Рысмендеев көзөмөл-өткөрмө посттундагы кызматкерлердин аткарган иштерин текшерип, жетекчилерге маанилүү тапшырмаларды берди

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев министр Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык   башкармалыгынын “Актилек” транспорттук көзөмөл пунктуна жана Жайыл районундагы «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө постуна барды.

Бул иш-чарада Б. Рысмендеев постто иштеп, төлөмдөрдү кабыл алып жаткан кызматкерлердин ишине көз салып, өткөрмө жайдын абалы менен таанышып чыкты.

Б. Рысмендеев жогоруда белгиленген көзөмөл-өткөрмө посттундагы  кызматкерлердин аткарган иштерин текшерип, кирип-чыккан автотранспорт  каражаттарын көзөмөлгө алууну күчөтүү, ошондой эле   айдоочулардын укук бузууларын каттоо жана протокол түзүү иштерин кынтыксыз жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары ал талап кылуудан мурда кызматкерлерге тиешелүү шарт түзүү керектигин белгилеп, жетекчилерге ысык-суукка карабай иштеп жүргөн кызматкерлердин ыңгайын карап, шарт түзүп берүүнү, тегерек четти ирээттеп, посттордун техникалык абалын жакшыртуу жана төлөмдөрдү кабыл алууну санариптештирүү   маселелерин тез арада чечүү боюнча кечиктирилгис талаптарды койду.