mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүнкү күндө тендердик комиссия эл аралык эксперт менен биргеликте каржылык сунуштарын баалоодо

2021-жылдын 31-мартында конкурстук тоорукка катышууга Эпкин-Башкууганды унаа жолун куруу боюнча тендердин алкагында чакыруу жарыяланган. 2021-жылдын 12-майында тендердик сунуштар ачылган. 2021-жылдын 7-июнунда, техникалык баалоонун отчету Азия Онуктуруу банкына(АӨБ) карап чыгуу жана бекитүү үчүн жиберилген. 5-июль 2021-жылы Техникалык баалоонун отчету АӨБ жана КР ТжКМ тарабынан бекитилген. 2021-жылы 7-июлда каржылык тендердик сунуштар ачылган.Бүгүнкү күндө тендердик комиссия эл аралык эксперт менен биргеликте каржылык сунуштарды баалоодо.
Белгилүү болгондой,2018-жылдын 5-январында УКМК Эпкин-Башкууганды унаа жолун куруу боюнча тендердин алкагында пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козголгон. Бул иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жана Бишкек шаардык соту тарабынан каралды. Тодининин өкүлү пара бергендиги үчүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин экс-орун басары пара алгандыгы үчүн соттолгон. Анын негизинде 2020-жылдын 16-ноябрында Подрядчик келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн келишимди бузуу жөнүндө кат жонотулгон. Контракт бузулганга чейин аткарылган физикалык жумуштардын жалпы көлөмү 9,5% түзгөн.

КРТжКМ басма сөз кызматы