mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн (30-июль күнү) болжол менен саат 18:30-да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу (Кемин жана Боом капчыгайы) каттам үчүн ачылат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-км 137-км чейинки аралыкта селдин көлөмү болжол менен 20 миң м3 түзөт.
КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда. Тартылган техника: 1 жүктөгүч, 1 даана автогрейдер. Жалпысынан ар кайсы уюмдардан 6 жүктөгүч жана 2 автогрейдер иштеп жатат. Каттамды калыбына келтирүү үчүн жолду селден тазалоо иштери жүрүп жатат.