mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 29-майда Евразия экономикалык бирлигинин күнү белгиленүүдө. Бул датага карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде тегерек стол уюштурулду

Бүгүн, 29-майда Евразия экономикалык бирлигинин күнү белгиленүүдө. Бул датага карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде тегерек стол уюштурулду. Транспорт жаатындагы маселелер, өзгөрүүлөр, жылыштар талкууланган иш-чарага министрликтин Автомобиль транспорту башкармалыгынын, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин жетекчилери менен кызматкерлери жана КРдин жүк ташуучулары катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кошулган. Тегерек столдун катышуучулары бул жылдардын ичинде орун алган өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылып, айрым жагдайларды талкуулашты. Ошондой эле, жыйынга катышкан жүк ташуучулар өз көйгөйлөрүн ортого салып, иш-чара суроо-жооп форматында уланды.

Эске салсак, былтыр, 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери 29-майды жыл сайын белгиленүүчү Евразия экономикалык бирлигинин күнү деп аныкташкан.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы