mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Ж. Дыканбаевдин  жетекчилиги астында, облустун жүргүнчү ташуучу мекеме жетекчилери менен  жыйын өттү.

Бүгүн, 27-сентябрда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин  Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Ж. Дыканбаевдин  жетекчилиги астында, облустун жүргүнчү ташуучу мекеме жетекчилери менен  жыйын өттү.

Жыйында:

— жарандык коргонуу боюнча автотранспорт кызматынын милдеттери, командалык штабдык машыгууларга активдүү катышуу;

— ченемдик-укуктук актыларынын талаптарынын аткаруу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу маданиятын жана сапатын жогорулатуу;

— жол  кырсыктарын алдын алуу, күз-кыш мезгилине даярдык  көрүү , квартал сайын айдоочулар арасында инструктаж өткөрүү боюнча маселелер каралды.

Жыйынга КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин  Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин  Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана облустун жүргүнчү ташуучу мекеме жетекчилерин кошкондо, жалпы 20 адам катышты.