mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 25-январга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар

Бүгүн, 25-январга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар. Ал эми Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда жол ачык, кар күрткүлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы