mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 18-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев кытайлык «BYD Co Ltd» компаниясынын Борбор Азия боюнча филиалынын башкы директору Иван Цао мырза менен жолугушту

Жолугушууга ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Медербек Курманбеков жана министрликтин кызматкерлери да катышты.

Жолугушууну министрдин орун басары Ырысбек Бариев ачып, компания дүйнөдөгү эң ири ишканалардын катарын толуктап, электр унааларды чыгаруу боюнча лидерлердин бири болуп саналарын белгиледи.

Тараптар шаар аралык электробустардын сапаты, жүрүү кубаттуулугу жана алардын электр заряддоо инфраструктурасы тууралуу баарлашты.

Өз кезегинде Иван Цао мырза жүргүнчүлөрдү ташуучу электробустар жана электр унаалары тууралуу маалымат берип, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди. Дүйнөдөгү эң ири ишканалардын катарына кирген «BYD Co Ltd» компаниясы 2022-жылы 1 млн 800 миң унааны саткандыгын белгилеп, 2023-жылдын башынан бери айына 270-280 миң унаа сатылып жаткандыгын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда «BYD Co Ltd» компаниясы жергиликтүү бизнес-өнөктөштөр менен Кыргызстандын инфратүзүмүн талдап чыгып, андан ары кызматташтык боюнча чечим кабыл ала тургандыгы белгиленди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы