mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы Алгоритмдин талаптарын аткаруу максатында текшерүү иштерин жүргүздү

Автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин биргелешкен буйруктары менен бекитилген Алгоритмдин талаптарын аткаруу максатында Баткен облусундагы автобекеттер боюнча тѳмѳнкү маалыматтарды беребиз.

Баткен облусунда 7 автобекет жүргүнчүлѳрдү тейлѳѳ ишмердүүлүгүн жүргүзѳт. Берилген тапшырма катка ылайык, Алгоритмдин талаптары сакталууда. Каттамдарга чыккан айдоочуларга жана жүргүнчүлѳргѳ автобекеттердин аймагында маалыматтар илинип, бет кап менен жүрүү, аралыкты сактоо, ѳздүк санитардык талаптарды сактоо, сактануу каражаттар менен камсыздоо жана кичиавтобустарда 60-70% сыйымдуулукту камсыз кылуу иштери аткарылууда. Алгоритмдин талаптарын сактоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери күн сайын текшерүү иштерин жүргүзүү күчѳтүлгѳн тартипте жүргүзүлүүдѳ. Аткарылган иштердин видео жана сүрѳт маалыматтары агенттиктин жооптуу кызматкерлерине воцапп месенжери аркылуу жѳнѳтүлүп жатат.