mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Транспорт жана коммуникациялар министринин футбол боюнча кубогу өткөрүлдү

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Транспорт жана коммуникациялар министринин футбол боюнча кубогу өткөрүлдү.

Турнир Бишкек шаарындагы «Локомотив» спорт комплексинде өтүп, ага жалпы 10 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери багындырып, 20 миң сом акчалай байгеге ээ болушту. Ал эми 2-орунду Транспорт департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы ээлеп, 15 миң сом алышса, 3-орун «Кыргызавтожол» МИсинен куралган командага 8 миң сом акчалай сыйлыгы менен берилди.

4-орунга болсо министрликтин борбордук аппаратынын балдары жетип, 5 миң сом байгеге ээ болушту.
Мындан тышкары, «мыкты оюнчу», «мыкты бомбардир», «мыкты дарбазачы», «мыкты коргоочу», «мыкты чабуулчу» жана «мыкты гол» номинациялары да каралып, оюндан өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге акчалай сыйлыктар менен дипломдор тапшырылды.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы