mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлыктар тапшырылды

Узап кеткен аптада автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди.

Жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембисине туш келген бул майрамга карата жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошкон кызматкерлердин эмгеги бааланып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле, Чек ара кызматы менен тыгыз кызматташтыгы, чек аранын бүтүндүгүн сактоого кошкон салымы үчүн Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев “Чек ара кызматташтыгын бекемдегени үчүн” медалы, министрликтин транспорт бөлүмүнүн башчысы Талант Нанаев “Карегимде Мекен чеги” медалы жана “Кыргызавтожол” МИсинин башкы директору Жумаш Содомбаев Грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, кызматкерлер Жогорку Кеңеш менен Профсоюз комитетинин Ардак грамотасы жана бир топ сыйлыктарга ээ болушту.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Сыйлык алган кызматкерлердин тизмеси