mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга керектүү документтерди алуу үчүн арыздарды электрондук түрдө elicense.gov.kg сайты аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында чет өлкөлүк уруксат кагаздарын, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияларды, өлкө аймагы аркылуу чоң көлөмдүү жана оор салмактагы бөлүнгүс жүктөрдү ташууга атайын уруксат кагаздарын алууга арыздарды электрондук түрдө берүү жана кабыл алуу боюнча программалык камсыздоонун презентациясы өттү. Ага министрдин орун басары Ырысбек Бариев, министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бекжан Рысмендеев баштаган жетекчилер жана эл аралык жүк ташуу менен алектенген компаниялардын башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Презентациянын жүрүшүндө программанын жардамы менен арыздарды берүүнүн жана алуунун көрүнүктүү мисалдарын колдонуу менен толук маалымат берилди. Ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыккан Жогорку соттун алдындагы МТБ «Адилет сот» IT компаниясынын жана ЖЧК «Улут софт» IT компаниясынын өкүлдөрү колдонуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Презентациянын жыйынтыгында 4-декабрдан 31-декабрга чейин арыздарды электрондук түрдө берүү жана кабыл алуу үчүн программалык камсыздоонун тесттик режимде ишке киргизилгендиги маалым болду. Бул убакыт аралыгында колдонуучулар керектүү документтерди алуу үчүн арызын электрондук түрдө калтыруу менен программанын иштеши тууралуу өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жазуу түрүндө бере алышат.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы