mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча текшерүу иштери жүрдү

2020-жылдын 4-июнунда КР Транспорт жана жол министрлигинин Авто транспорт агенттиги Ички иштер министрлиги менен  биргелешкен буйругу бекитилген “Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине” ылайык, Автотранспорт агенттиги жана анын шаардык жана облустардагы аймактык башкармалыктары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылууда.

2020-жылдын 1-сентябрьдан 7-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарында регулярдуу автобустук каттамдардын белгиленген иш режиминин жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган транспортко биргелешкен текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында автобекеттерде, автостанцияларда, транспорттук көзөмөл пункттарында жана шаардык автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында 1747 автобус жана жана кичи автобустар текшерилди. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулар боюнча 28 протокол түзүлүп, 93000 сомго айып пул салынды жана 2 акт түзүлдү.

“Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми” бекитилгенден бери (2020-ж. 20-июндан 7-сентябрга чейин) жалпы 16 917 автобус жана кичи автобустар текшерилип, эреже бузуучуларга 143 протокол жана бузуулар жөнүндө 82 акт түзүлдү, 452 000 сом суммасына айып пул жазылды. Ошондой эле автотранспорттук уюмдардын жетекчилерине жана айдоочуларга карата башка дагы чаралар көрүлүүдө. Санитардык кызматтар тарабынан 83 протокол түзүлүп, 58 800 сом айып пул салынды.

Бул багыттагы иштер улантылмакчы.

Автотранспорт агенттигинин посттордогу транспорттук көзөмөл бөлүмү жана аймактык башкармалыктары тарабынан 2020-жылдын 7 айында төмөндөгү иштер аткарылды:

Стационардык посттордо – автобекеттерде жана автостанцияларда текшерилген бардык транспорттук каражаттар – 195538, анын ичинде:

2709 административдик бузуулар аныкталды;

Бузуулар жөнүндө 1953 протокол түзүлдү;

Жалпы 3291000 сом суммасына айып пулдар салынды;

Юридикалык жактарга 818 жазма эскертүүлөр берилди.

Пресс- кызмат