mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашыкча жүк жүктөп, асфальт жолго чыккан унаалар токтотулуп, айдоочуларына айып пулдар салынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында унаа каражаттарына болгон көзөмөлдү көчөтүп, текшерүү иштерин үзгүлтүксүз улантууда.

Күн мурда Ат-Башы транспорттук көзөмөл пунктунда инспекторлор тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды. Анын жүрүшүндө ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан транспорттордун айдоочуларына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

Алардын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул жазылып, андан тышкары жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 36 миң сом төлөтүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга (жеке жактарга) 17500 сом, юридикалык жактарга 55000 сом айып пул салынат.

Министрлик таразанын негизги максаты элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө болуп саналарын белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы