mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат. Өлкө жетекчилигинин атына шек келтирип жаткан айрым социалдык тармактын колдонуучуларын жалган маалымат таратпоого чакырабыз

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында көзөмөл күчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Интернет желесине тараган Нарын облусунун Чаек-Көк-Ой-Арал унаа жолундагы ашыкча көмүр жүктөп бара жаткан Хово үлгүсүндөгү транспорттор туурасында маалымат.

Жогоруда аталган автотранспорт каражаттары 2023-жылдын 28-ноябрь күнү болжолдуу саат 15:00-16:00 чамасында Транспорт департаментинин Нарын аймактык башкармалыгынын мобилдик тобунун кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Көк-Ой айылында жайгашкан жеке кампалардын биринен кара алтын жүктөп чыгып бара жаткан учурда Чаек-Көк-Ой-Арал жолунан токтотулган.

Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, жалпы 87 500 сом айып пул салынды. Ошондой эле, ашыкча жүктөрү түшүрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу азыркы учурда кара алтын ташып жаткан айдоочуларды жана тиешелүү мекеме-ишканаларды жолдун талкаланышына жол бербөө максатында мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Ошондой эле транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан күчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы