mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардын абалы тууралуу маалыматтардын түрмөгү

Өлкөнүн тоолуу райондорундагы суукка байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон, Чапчыма, Сөөк жана башка ашуу участокторуна чыккан айдоочуларда тайгакка каршы дөңгөлөктөрдүн  чынжырлары болуусу зарыл.

Республиканын түндүгүндө 2023-жылдын 19-декабрында  Жон-Булак ашуусундагы Эки-Өттук Соң-Көл автожолунда  бороон болуп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №41 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары кар тазалоочу техникалар менен карларды тазалашып, тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачышты.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 306-346-чакырымдарында жогорудагыдай  иштер жүргүзүлгөн.

Ал эми Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолуна Өтмөк ашуусунда майда кар жаап, жолчулар тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Республиканын түштүгүндөгү Чыйырчык ашуусунун 37-80-чакырымына №959 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары атайын кар тазалоочу техникалар менен инерттүү материалдарды чачышты.  Ошондой эле, Суук-Дөбө ашуусундагы Ылай-Талаа-Гүлчө мамлекеттик маанидеги автожолунда тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачышып, кардан тазалашты.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чапчыма  ашуусундагы Ала-Бука — Жаңы — Базар-Кировка автожолунда кар калыңдыгы 15-30 см жетет жана бул жерде да кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай эле иштер Сөөк ашуусунда жүргүзүлүп, атайын техникалар менен механизаторлордун кезметчилиги уюштурулду.

2023-жылы 20-декабрында Бишкек-Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда майда кар жаап жатат.  Жеринде №9 ЖТИнин жумушчулары трассаны кардан тазалап жана инерттүү материалдарды чачышууда. Ушундай эле иштер бүгүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука — Жаңы — Базар-Кировка, Айгыр-Жал, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда жүргүзүлүүдө

Синоптиктер Кыргызстан боюнча 20-декабрда тоолуу райондордо түнкүсүн кар жаап, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбой турганын  эскертишти.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт.

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м/с, Ысык-Көл акваториясында 15-20 м/с жетет.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сууктун болушуна байланыштуу Төо-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон, Чапчыма, Сөөк жана башка ашуу участокторуна баруучу айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында чынжырлары болуусу керек.

Жолдордун тоолуу тилкелеринде тыгын пайда болгон учурда каршы тилкеге чыкпаңыздар жана  кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды чачуу менен алектенген атайын техниканын кыймылына тоскоолдук кылбаңыздар.

Бүгүн автожолдордун ашуу тилкелеринде чектөөлөр жок.