Ашуулардагы абал: Жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок
- 300 просм.
Бүгүн, 1-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, зарыл учурда жолго кум-туз аралашмасын чачып жатышат. Ошондой эле, ашууларга жана башка өлкө жолдоруна инерттик материалдар жеткирилип, алдын-ала жол четине төгүлүп, даярдалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы кыш мезгилинде жолдорду кармоо жана тазалоо үчүн керектеле турган техникаларды даярдап, учурда атайын техникалардын 88% камдалды.
Пландалган 488 техниканын азыркы учурда 432си даярдалды.
№ | Техникалар | Керектелет | Даярдалды | % |
Автогрейдер | 129 | 119 | 92% | |
Бульдозер | 49 | 30 | 61% | |
Кар тазалоочу техника | 49 | 39 | 79,5% | |
Автосамосвал | 180 | 180 | 100% | |
Погрузчик | 81 | 64 | 79% |
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы