mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал тууралуу маалымат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар жаап, жол тазалоого жана инерттүү материалдарды чачууга атайын техникалар тартылды.  Ошондой эле Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана өлкөнүн башка ашууларында кыламык кар жаап, абал аймактарды тейлеген жолчулар тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Жолдор ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө мекемелери тарабынан 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата алдын-ала отун, көмүр камдалып, инерттүү материалдар алынып келинүүдө.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы