mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок

Бүгүн, 11-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Түп-Кеген жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел менен Төө-Ашууда жааган кар жолчулар тарабынан тазаланып, инерттик материалдар чачылып жатат.

Баса белгилей кетчү жагдай, чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.

Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы